№47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак жай курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, колониянын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүүдө.

Акылбек Жапаров 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты. Ал курулуш иштери 2023-жылдан тартып башталарын, социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартыларын билдирди.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев маалымдагандай, 8,5 гектар аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан. Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак жайлар камтылган.

Жапаров беш жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы Бишкектин четинде жайгашкан №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которула турганын быйыл март айында кабарлаган.

№47 колония — ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон. Бул абак 1943-жылы курулган. Ошондон бери инфратүзүм, энергетикалык чарбалар жана инженердик тутуму капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылып келет.

631abf63ac058 thumb №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак жай курулат