Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү талкууда

Президенттин басма сөз катчысы интернет айдыңында талкууга түшкөн Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтүнө комментарий берди.

Эрбол Султанбаев белгилегендей, аталган сүрөт эски 2016-2017-жылдарга таандык экенин айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары ал учурда пандемия жана бет каптар жок экенин айтканда, пресс-катчы убакыттан ката кетиргенин моюнуна алып, кийинчэреек бул жагдайды тактап берүүнү убадалады.

b7c16c92 717d 4a28 9955 edb73ebaca6d Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү талкууда