Араван районунда 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды

Ош облусунун Араван районунда 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал бала 5-сентябрда Аравандагы жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылган. Анын абалы орто оор деп бааланууда.

Ата-энеси билдиргендей, август айынын аягында болжол менен 28-августта баланы мышык тытып алган.

Буга чейин Базар-Коргондо 72 жаштагы киши кутурмадан каза болгон.