Нуржигит Кадырбеков: “Ит бак, мал бак, бирок, балага тарбия бер”

Депутат Нуржигит Кадырбеков: “Аш жегенге, тойго убакыт табабыз, бирок балдарга көңүл бөлбөйбүз. Апалары сериал көрөт, аталары UFC көрөт”.

ЖКнын жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков “ит бак, мал бак бирок балага тарбия бер” деп маңыздуу, тарбиялык-руханиялык негиздүү нерселерди айтты.

Бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында Баткенде киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча акыркы окуяга байланыштуу өлүм жазасын киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Нуржигит Кадырбеков өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүнү колдой турганын билдирди.

Ал аталган окуялардын келип чыгышынын түпкүрүндө эмне жатканына көп көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлүм жазасы боюнча өз оюн айтты.

«Кылмышка жараша жаза керек. Гуманизация деп өлүм жазасы жок кылынган. Гумандуулуктун аягы ушул болуп жатат, гумансыздар келип гумандууларды өлтүрүп жатат. Кээ бир адамдар бар, өлүмдөн башкадан коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазаңдан да коркпойт. Бүгүн 15 жылга кесилет, 3 жылдан кийин эркиндикте жүргөн болот. Биз камалганын карайбыз, ошону менен унутуп калабыз. Үч жылдан кийин чыгып алып, каалаганын кылат. Рецидивисттер ошондой болот», — деди ал.