ИИМ: Араван районундагы эл менен жолугушууда жер маселеси боюнча кайрылуулар көп болду

2022-жылдын 7-сентябрь күнү саат 15:00до ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Араван районунун жашоочулары менен жолугушту.
Андан сырткары Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зияйдин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты. Жолугушуу Араван районунун райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү.


Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга келишкен жашоочулар сугат жана таза суу менен камсыз кылуу, үлүш жерлердин жетишсиздиги, жерлердин майзамсыз сатылып жаткандыгы, турак-жай куруу үчүн жер тилке муктаждыгы, шаар аралык автоунаа жолдордун абалы начарлап кеткендиги, дарыканада дары-дармектер жетишсиз жана баасы ашыкча жогорулап кеткендиги, мектептердин жетишсиздиги, Ош-Араван унаа жолунда жайгашкан автоунаа базарда ишемби жана жекшемби күндѳрү жол тыгындары пайда болуп жаткандыгы, бул маселени айланма жол куруу менен чечип берүү боюнча ж.б социалдык маселелерди кѳтѳрүштү.


Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.


Ал эми жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселе кѳтѳрүлгѳн жок. Ош-Араван жолундагы унаа тыгындарын жөнгө салуудагы ишмердүүлүгүнѳ милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти. Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн ыраачылык билдиришти.


ИИМдин Басма сөз кызматы