Ысык-Көл облусунда салык кызматкери мас абалында теңтушун бычак менен сайган

Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-сентябрь күнү саат 03:10 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына райондук аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну К.У. курсагынан учту нерсе менен жаракат алып түшкөндүгүн жана жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгондугу маалымдалган.

Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жиберилген.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, ушул эле күнү болжол менен түнкү саат 01.00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү  тургун Б.Д. (салык кызматкери) кесиптеши 34 жаштагы Ананьево айылынын тургуну К.У. менен жолугуп, спирт ичимдиктерин ичишкенин милиция кызматкерлери аныктаган. Спирт ичимдиктерин ичүү учурунда алардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен Б.Д. бычак менен кесиптешин бир нече жолу курсак тушуна сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү болуп кармалган жаран суракта толугу менен күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.