14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жеринде иш алып барып жатат

Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жеринде иш алып барып жатат. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

«Бул үрөй учурган учур боюнча азыркы учурда биздин Акыйкатчынын Баткен облусундагы атайы өкүлү барып ата-энеси менен таанышып жүрөт, себеби бизде кылмыш иши жабылып калган, адилетсиз тергөө болгон учурлар абдан көп кездешет, ушул сыңары көрүнүштөр болуп кетпөөсү үчүн ал көзөмөл кылуу ишин аткарып жатат», — деди ал.

Азарбеков кошумчалагандай, зордук-зомбулук фактылары мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көбөйгөн.

«Акыйкатчы аппаратына жыл сайын кайрылуулар келип түшөт. Динамикасын карай турган болсок 30 пайызга жогорулап кетти. Бул зордук-зомбулуктун күчөп жатканынын белгиси, себеби бизге кайрылып жаткандардын саны 30% жогорулап жатат” – деди ал.