Салык кызматкери пара менен колго түштү

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

whatsapp image 2022 02 25 at 09 08 14 Салык кызматкери пара менен колго түштү

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.

«Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2022-жылдын 23-февралында Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.