Ырчы Айбек Карымов: “Токтогулда паспорттун баасы 8 миң сомго көтөрүлдү”

Ырчы, аткаруучу Айбек Карымов Вulak.kg редакциясына берген маалыматына Токтогулда жалпы жарандык паспорт сегиз миң сомго бааланып жатат.

obshhegrazhdanskij pasport Ырчы Айбек Карымов: "Токтогулда паспорттун баасы 8 миң сомго көтөрүлдү"

“Менин иним Токтогулдан паспорт алмакчы болгон. Ал айылда кала турган кичүү иним. Анан мейли Токтогулдан паспорт ал десем, ал жакта паспорттук столдо иштегендер кадимкидей соодалашыптыр, ставкасы ушунча деп. Ачуум келип Фейсбук баракчама ушул тууралуу жаздым. Каттоо кызматы чара көргүлө, Токтогулда паспорттун баасы көтөрүлдү деген пикиримди калтырдым, айласыздан. Керек болсо тастыктап да берем”, – дейт Карымов.

“Дал ушундайлардын айынан президентке залакасын тийгизип жатпайбы. Коррупционерлердин айынан Кыргызстан өнүкпөй жатат, алар баарын бучкактап, тушап жатпайбы. Мына ушуга окшогондордун айынан президентти, Өкмөттү жаман атты кылат, наалаттын баары айтылат. Негизи сегиз миң сомго сегиз паспорт алса болот да”, – дейт ырчы.