Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен жолугушту

ИИМ: Нур-Султан шаарында Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен жолугушту

24-февраль күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Казакстан Республикасынын ички иштер министри полициянын генерал-лейтенанты Ерлан Тургумбаев менен жолугушту. Ички иштер министри Улан Ниязбековду Нур-Султан шаарына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов делегациянын курамында коштоп барышты. 

Улан Ниязбеков казакстандык кесиптеши Ерлан Тургумбаев менен жолугушуу учурунда   жылуу маанайда  тосуп алгандарына абдан кубанычта экенин билдирди. “Алгач сөзүмдүн башында Сизге, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин жалпы эмгек жамаатына Казакстан өлкөсүндө ушул жылдын январь айында болуп өткөн адамдардын өмүрүн алган, анын ичинде укук коргоо органдарынын, полиция кызматкерлеринин оор жоготуусуна алып келген каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтып, кайгыңарды тең бөлүшөм. Мындан ары террористтик жана экстремисттик күчтөрдүн себебинен массалык баш аламандыктарга алып келген, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч туудурган окуялар кайталанбашын каалайбыз.  Сизге жана Казакстан Республикасынын полициясынын өздүк курамына  бекем ден соолук, бакубат турмуш, жооптуу ишиңерде ийгилик каалап, кандай гана кыйынчылыктар болбосун бир боордош элибиздин тынчылыгы үчүн бул жооптуу ишиңерде Кыргыз милициясы дайыма жардамга даяр экенин билдирем. Үзөңгүлөш Казак эли биримдикте, бүтүндүктө жана барчылыкта өмүр сүрө берүүсүн каалайм”,-деди Улан Ниязбеков Казакстанда болгон акыркы окуяларды эске алып. 
 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын аягында Казакстанга барган иш сапарында экономикалык, күч жана маданий маанидеги объектилерге, анын ичинде Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигине барып келген. Жыйынтыгында биз менен Казакстан Республикасынын полициясынын ишмердүүлүгүндө санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатындагы заманбап жетишкендиктер тууралуу жакшы пикирлерин айткан.

   Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жаңы санариптик технологиялардын потенциалын күчөтүү жана өздөштүрүү боюнча алгылыктуу  чараларды көрүп жатат. 
WhatsApp Image 2022 02 25 at 07.00.39 Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен жолугушту

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарын реформалоодогу аракеттер биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого, жалпысынан жашоо сапатын жакшыртууга багытталганын баса белгилеп кетүү керек. Бул жерде негизги максат калк менен интерактивдүү өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүү, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик жана ведомстволук санариптик тутумдар жана программалар аркылуу ыкчам кызмат көрсөтүү болуп саналат. Ошону менен бирге коррупция менен күрөшүү максатында көрсөтүлгөн кызматтарды реалдуу убакыт режиминде автоматташтыруу жана көзөмөлдөө боюнча чаралар көрүлүүдө.


Жашоонун бардык чөйрөлөрүндө глобалдык технологиянын өнүгүшү менен Кыргызстандын ички иштер органдарында дагы санариптештирүү маселелерине көңүл буруу зарылчылыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу, өлкөнүн жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын жаңы кызматын киргизүү боюнча демилгебизди колдоду. Бул кызматты киргизүү бүгүнкү күндүн талабы жана глобалдык технологиялык санариптик прогресстин концепциясына шайкеш келет. Биз бул багыттагы иштерди ишенимдүү улантууга ниеттенүүдөбүз.
Биздин министрликтердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биз Казакстан полициясынын санариптештирүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбасы, ошондой эле жалпысынан Казакстан Республикасынын ички иштер органдарынын ишин реформалоонун оң тажрыйбасы менен таанышкыбыз келет. Бул жолугушуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү улантуу жана өнүктүрүү, министрликтерибиздин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн жемиштүү негиз түзөт деп ишенем”,-деди сөз аягында Улан Ниязбеков.

WhatsApp Image 2022 02 25 at 07.00.38 Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен жолугушту


Тараптар эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы өз ара мамилени чыңдоо, кызматташууну өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 2021-жылдагы эки тараптуу жолугушуудан кийин эки мамлекеттин укук коргоо ишмердигинде жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бир катар маселелер чечилип, кылмышкерлерди издөө, баңги кылмыштуулугу, экстремизм жана мыйзамсыз миграция багыттары боюнча натыйжалуу иштер жүрүүдө. Эки министрликтин ортосундагы өз ара кызматташууга өзгөчө маани берилип, тыгыз кызматташуунун сапатын мындан ары да жогорулатуу аракети көрүлүүдө. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы