Бишкекте жеңил унаа көпүрөдөн ыргып кетти

Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтуусунда, окуя кечээ, 23.00 Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Mitsubishi» унаасы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды.