Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды, – интернет колдонуучу

Социалдык тармактын Жылдыз Бекбаева аттуу колдонуучусу Бишкектеги №29 гимназияда тартылган видео менен бөлүшүп, мектеп кургулачы деген билдирүү калтырган.

«Балдарыбызга убал эле болду. Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды. Класстарда 45-50дөн окуучу, партада шпрот болуп тыгылып төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?» — деп суроо салды колдонуучу.