Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча 5-сентябрда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган. Алар 1984-жылы туулган Эдил Абдулдабеков, 1993-жылы туулган Бекзат Дөөлөтбек уулу, 1972-жылы туулган Александр Лепихин, 1972-жылы туулган Дмитрий Кирчанов, 1895-жылы туулган Кеңешбек Токтакунов жана 2001-жылы туулган Мээримбек Тыныбек уулу.

Жогоруда аталган адамдар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, А.Э.М. таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

“Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот”, – деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2022 09 05 at 16 39 05 Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды