Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты

ИИМ: Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты

2022-жылдын 5-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Баткен районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул ирет жолугушуу Баткен шаарындагы маданият үйүндө өтүп, анда бийлик өкүлдөрүнө көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрүн жеткирүү үчүн 500 чукул жашоочулар чогулушкан.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жер-жерлерде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, маселелерин чечип берүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушевда келишкен.

WhatsApp Image 2022 09 05 at 14.35.25 1 Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты


Баткен районунун жашоочулары бүгүн мамлекеттик органдарга карапайым элдин үнүн жеткирүүгө өбөлгө түзүлүп, маселелерди жеринен чечүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатканына ыраазычылыктарын билдиришти.
Жолугушууда Баткен районунун жергиликтүү тургундары тарабынан көптөн бери чечилбей келген чек арага чектеш аймактардагы айылдардагы жаралган көйгөйлөр көтөрүлүп, жер, суу, аткезчилик, жөлөк пул маселелери айтылып, бийлик өкүлдөрүнөн өз көзөмөлдөрүнө алып, чечип берүүлөрүн суранышты. Жалган маалымат тараткандардын дагы жоопкеричилигин кароо сунушу да айтылды.


Ошондой эле, жарандар милициянын, соттордун, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө да токтолушуп, кылмыш иштеринин убактыларынын созулушу, кылмыш иштеринин калыс тергелбей калышы жөнүндө айтып беришти.
Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча суроолорго Адылбек Бийбосунов жооп берип, милиция кызматкерлерине тиешелүү маселелер кайрадан териштириле турганын билдирди.

WhatsApp Image 2022 09 05 at 14.35.25 Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты
WhatsApp Image 2022 09 05 at 14.35.24 1 Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты
WhatsApp Image 2022 09 05 at 14.35.24 Баткен районундагы жолугушууда жарандар чек арага чектеш аймактардагы маселелерди чечип берүүнү суранышты


ИИМдин Басма сөз кызматы