Интернетке курак менен жабдылып жасалгаланган унаанын сүрөтү жарыяланды. Аны жеке ишкер Сумсарбек Мамыралы өзү жасагандыгын жазды.
Аталган унаа Казакстанда өтүүчү «NEMA fest’22» иш-чарасы үчүн жасалган.
«Алматыдан бир таанышым чалып этно стилде унаа жасалгалагандар барбы, деп сурап калды. Бирок мен андай адам тапкан жокмун, анан өзүм жасап көрсөм эмнеге болбосун дедим. Мага өз колум менен бир нерсе жаратуу абдан кызык. Унааны 70 миң сомго сатып алдык, жасалгасына 700$дай сарпталды. Күндө 7-10 сааттан убактым кетип жатты. Мындайды биринчи жолу жасадым, абдан сыймыктандым»,- дейт Мамыралы.