Кыргызстандын төрт облусунда “Ишкер айымдар-Айылдан ааламга!” аттуу форуму өттү


2022-жылдын 16-майынан 27-майына чейин «Ишкер айымдар – айылдан ааламга!» маалымат кербенинин алкагында Нарын, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кара-Балта жана Талас шаарларында семинарлар өткөрүлдү. «Курак» КФ Аялдар Форуму Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлиги менен өнөктөштүктө ПРООНдун «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун колдоосунда Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган ЕБРРдин Кыргыз Республикасындагы «Аялдар Бизнес», We-Fi жана Швейцариянын Өкмөтү, Кыргызстандагы инвестициялык бизнес акселератору, Европа Биримдигинин AP Asia долбоорунун жана Ага Хан Фондунун, USAIDдин, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин алкагында, Кыргызстанда Accelerate Prosperity «Борбордук Азиядагы аялдардын ишкердигинин күн тартиби» аймактык программасы.

BAH01075 Кыргызстандын төрт облусунда “Ишкер айымдар-Айылдан ааламга!” аттуу форуму өттү
BAH01146 Кыргызстандын төрт облусунда “Ишкер айымдар-Айылдан ааламга!” аттуу форуму өттү


Иш-чараларга 588ден ашык аял катышты. Жыйындын катышуучуларына КР Экономика жана коммерция министрлигинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы, ошондой эле аны ишке ашыруунун кадамдары жана мамлекеттик колдоо тууралуу маалымат беришти. Форумдун өнөктөштөрү жана чакырылган эксперттер бизнес-стратегиясын түзүү жана бизнести өнүктүрүү принциптерин агартуу, кирешени жогорулатуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында мастер-класстарды жана презентацияларды өткөрүшүп, аялдар үчүн билим берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти.


Ошондой эле, «Борбордук Азиядагы аялдардын ишкердик күн тартиби» Регионалдык программасынын алкагында ишкер аялдардын ишкердик ишмердүүлүгүндө туш болгон тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү аныктоо максатында катышуучулар менен консультациялык талкуулар өткөрүлдү.
Форумду Борбор Азиядагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясынын мүчөсү болгон «Курак» аялдар форуму уюштурду. «Курак» ЖФ региондордон келген аялдарды ишкердик менен алектенүүгө шыктандырууга жана түрткү берүүгө умтулат.


«Курак» КФнын төрайымы Айнура Сагынбаева катышуучуларга видеокайрылуу жасап, аялдарды колдоонун маанилүүлүгүн жана биргелешкен аракет гана чоң өзгөрүүлөргө алып келерин айтты. Анын айтымында, аялдардын потенциалы жогору жана баарына бирдей шарт түзүү керек! Айнура Санынбаева бүгүнкү күндө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча Улуттук коалициянын ишин координациялоодо аялдардын коомдогу потенциалын жана ролун жогорулатуунун, тоскоолдуктарды аныктоонун жана бул көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Эскерте кетсек, ушундай эле кербен буга чейин Кыргызстандын түштүгүнөн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Алай, Чоң-Алай шаарларында жана облус борборлорунда үстүбүздөгү жылдын март айында 800дөн ашуун аялдын катышуусунда өткөн.

BAH01122 Кыргызстандын төрт облусунда “Ишкер айымдар-Айылдан ааламга!” аттуу форуму өттү