Ысык-Көлдө эки жергиликтүү тургун түн ичинде үч унааны айдап качкан

1-сентябрь күнү саат 02:20 чамасында Каракол ШИИБнин 102 пультуна жергиликтүү тургундан шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.


Бул факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн «Перехват» иш мерчеми киргизилген. Каракол шаарынан чыга турган жолдорго милиция посттору орнотулган болчу.


Көп өтпөй саат 7.20лар чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өз кайрылуусунда 31-августтан 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарынын Жамансариев жана Гречко көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган «Камаз» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.
Бул билдирүү да Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, шаардык милициянын өздүк курамы кылмышкерлерди тез аранын ичинде кармоого багытталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү жарандардын изине түшүшүп, көпкө узатпай кармоого жетише алышкан. Кармалгандар Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. болуп чыгышты. Алдын ала сурак учурунда шектүүлөр күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

WhatsApp Image 2022 09 02 at 09.21.15 2 Ысык-Көлдө эки жергиликтүү тургун түн ичинде үч унааны айдап качкан


Жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш чараларынын жүрүшүндө, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү шектүүлөр мас абалында болуп, шаарга барууну чечишкени аныкталган. Унаа каражаты жоктугунан алар дүкөндүн жанында токтоп турган «Ауди-100» унаасын айдап кетишкен. Бир нече кварталдан кийин, унааны башкара албай, жолдун четине чыгып кетишкен. Андан соң, Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан.
Үчүнчү жолкусунда «Камаз» үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калгандыктан, алар унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок, көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Бул фактылар боюнча Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 205 (Уурдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2022 09 02 at 09.21.15 1 Ысык-Көлдө эки жергиликтүү тургун түн ичинде үч унааны айдап качкан
WhatsApp Image 2022 09 02 at 09.21.14 Ысык-Көлдө эки жергиликтүү тургун түн ичинде үч унааны айдап качкан
WhatsApp Image 2022 09 02 at 09.21.14 1 Ысык-Көлдө эки жергиликтүү тургун түн ичинде үч унааны айдап качкан

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы