“Акча менен сатып алам дегендерге эч кандай сыйлык берилбеши керек”, – Президент

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги  үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи өтүп жатат. Анда сөз сүйлөп жаткан президент Жапаров, мындан бир нече жыл мурда өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазгандыгын эске салды.

«Мындан бир нече жыл мурда мен да ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, «Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат» деп пост жаздым эле. Башкача айтканда, «дүжүрлөргө». Мына кечээ жакында эле мен сыйлыктарды тапшырып жатканда мурдагыны алып чыгып, өзү да массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып жатат деген сын-пикирлер болду. Мен эмне үчүн ал постту жаздым эле? Мурда өзүңүздөр жакшы билгендей сыйлыктар сатылчу. Акчаң болбосо бир да сыйлык ала алчу эмессиңер. Муну азыр сыйлык алып жаткандардын баары билет», — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы бийликке келгенде сыйлыктарда ыйгаруу боюнча атайын комиссия түзгөндүгүн айтты.

«Комиссияны чогулттум да айттым, татыксыздарга, акча менен сатып алам дегендерге эч кандай сыйлык берилбеши керек дедим. Сыйлык, наамды сатып алганда биз өлкөнү эч качан өнүктүрө албайбыз. Ошондон баштап сыйлыкты эл арасында эмгеги сиңгендерге, татыктууларга берип жатабыз. Мына эки жолу сыйлык берип жатабыз, биз баарын карап кимдер ала эле, эмгегин баалап, татыктууларга гана берели деп берип жататбыз. Мындан ары бийликти, наамды, кызматты тааныш-билиш аркылуу сатып алуу деген болбош керек. Дагы коомчулукта айтылып жатат, мен айткандай айтып жатпайбы, «дежурларга» берип жатат, өзүн колдогондорго берип жатат деп, жок андай эмес. Мына азыр да араңыздарда бүгүн да сындап, бүгүн да колдобой келе жатканд аксакалдар, орто муундагылар, жаштар отурасыздар. Бирок силердин эмгегиңер сиңген. Ошондуктан ал мамлекет тарабынан бааланып жатат. Эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик, же мени колдобой койсо эле тизмеден чийип салуу деген болбош керек», — деди президент.