Садыр Жапаров Ташиевдин сыйлыгы тууралуу: “Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турган”

Бүгүн, 2-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болуп жатат.

Эң жогорку даражадагы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» сыйлыгы мамлекеттик ишмерлер Апас Жумагуловго, Медетхан Шеримкуловго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге (каза болгондон кийин), маркум кинорежиссер Болотбек Шамшиевге ыйгарылды.

Сыйлыктарды тапшыруу алдында президент УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дагы эмгектерине токтолду.

“Эгемендик алгандан бери жылдарында эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Ал бир тууган эки элдин ортосундагы кайгылуу окуялар менен коштолуп кетти. Өлкөгө ушундай окуялар түшүп турганда кара башын канжыгага байлаган, чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жакка бармак турсун, карааны да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт.

Анын буга чейинки эл уулу болуп, элге кылган эмгеги татыктуу бааланып жатканын дагы эл көрүп турат.  Өлкөнүн улуттук коопсуздугун бекемдөө, чек араны чыңдоо, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көз жаздымда калтырууга болбойт”, — деди Жапаров.

Жапаров Камчыбек Ташиев жакынкы эле убакта зор иштерди бүтүргөнүн белгилеп: “Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет кийинчерээк ачыктайм”, — деп кошумчалады.