Түркияда «Кыргызстан» паркы ачылды

Түркиянын Кападокия аймагынын Үчхисар муниципалитетинде «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил багы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары ачылды.

Ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия Парламенттик достук группасынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын башчысы Осман Сүслү катышты.

Боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулган “Кыргызстан” паркынын ачылышына арнап, иш чаранын коноктору “Достук дарагын” отургузушту.

Ошондой эле Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстандын мамлекеттик желеги 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүлүп желбиретилди.

Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында, Үчхисардын тарыхый мунарасында (туристтер эң көп зыярат кылган жай) кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана жашоосу, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.