
Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-сентябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны 14-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабал алды.
Эске салсак, фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.