Улуттук банк банк жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн QR-коддор колдонуларын жарыяланды

Улуттук банк банк жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн QR-коддор колдонуларын жарыяланды.

Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, 24-августта “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилген.

Токтомго ылайык, коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору -төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейин кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жана соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл.

Улуттук банк бул бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында жасалып жатканын белгиледи.