
Бүгүн, 30-августта КР жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 14:00 дөн тартып, 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.