«Кыргыз модасына таазим» көргөзмөсү ачылды 

Улуттук тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин

Бүгүнкү күндө «Мода үйү» өлкөдөгү биринчи көргөзмө-рум болуп саналат. Анда кийим-кече, аксессуарлар жана зер буюмдардын жергиликтүү дизайнерлеринин автордук буюмдары гана коюлган. Мода үйүнүн аркасында 30дан ашык дизайнерлер жекече тигүү менен гана алектенбестен, үзгүлтүксүз түрдө сезондук жана капсулалык коллекцияларды чыгаруу менен алектенип келет. Шоурумдун негиздөөчүлөрү болуп, Сонун Нурманбетова жана Алтынай Рыскулова, ошондой эле Asylbashev Creative ЖЧКсы болуп саналат.

Эске салсак, аталган иш чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук тарых музейи тарабынан колдоого алынган.