Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 28-августта катталган.

Маршруттук такси жеңил унааны келип сүзүп, оодарылып калган. Жабыркаган 3 жаранды «Тез жардам» алып кеткен.

FB IMG 1661686721224 Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады