ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын 29-август күнү Ички иштер министрлигинде милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароо-тескемеси ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.12.41 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү


Саптык кароо 31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Андан соң министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлеринин кийим-кечегин, кызматтык күбөлүктөрүн жана тыкандуулугун текшерип, орун алган кемчиликтерди оңдоону тапшырды.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.12.42 1 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү


Аталган иш-чаранын максаты ички иштер органдарынын өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүлүүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгын колдоо.
Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов өздүк курамга кайрылып, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү дата болуп эсептелет. Ушул күнү мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча көз карандысыз өлкө катары дүйнө элине таанымал күн деп жакшы билесиздер.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.12.41 1 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү

Кылым карыткан тарыхы, кең Ала-Тоо аймагы, кайталангыс табигый-руханий байлыгы, көп улуттуу эли, эч кимде жок маданияты жана элдин башын бириктирген кайраты жана намысы бар өлкөбүздүн 31 жылдыгын белгилөөнүн алдында турабыз. Бүгүнкү саптык кароо ушун маанилүү күндүн урматына арнап өткөрүп жатабыз. Андыктан баарыңыздарды ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атыман алдыда келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемендүүлүк күнү эң ыйык дөөлөт болуп саналса, ар бир жараныбызга, анын ичинде ички иштер органдарынын жалпы ардагерлери менен кызматкерлери үчүн эң бийик сыймык экенин билдирем. Бул майрам элибизге дайыма жылуу маанайды тартуулап, ушул күнү ар бирибиз өзүбүздү улуу көчтүн бир бөлүгү катары сезебиз. Анткени ата-бабаларыбыз кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, керек болсо жанын берип, элибизге эгемендик мурасын ыйык сактап, урпактарга өткөрүү үчүн калтырып кеткен. Бул майрам улуу элибиздин тарыхын даңктаган, карапайым калктын башын бириктирген кайталангыс баатырдыктын, теңделгиз кайраттуулуктун символу болуп эсептелет.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.12.43 1 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү

Өлкөбүздүн мындан ары гүлдөп-өсүшү үчүн эмгектенип жаткан катардагы жарандан баштап, жалпы экономикалык жана социалдык өнүгүүгө карата коопсуз шарттарды түзүү ички иштер органдарынын ишмердигинен көз каранды экенин билдирем. Ошондуктан ар бир милиция формасын кийген кызматкер өлкөнү чын жүрөктөн сүйүүгө, эгемендүүлүк тартуулаган ата-бабаларды урматтоого, алардын эрдигине, мекен үчүн жасаган иштерине татыктуу болууга мамлекетибиздин туруктуулугуна, элибиздин коопсуздугуна чын ниеттен күнү-түнү иштөөгө милдеттүү. Бүгүнкү күнгө чейин республиканын бардык ички иштер органдарында ушундай саптык кароолор өткөрүлүп, элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Ар кандай укук бузууларга жол берилбеши керек. Жарандарга сылык мамиле жасап, зарыл учурларда жардам көрсөтүп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо керек. Элибизде аманчылык, бейпилдик болсун.

Элибиздин коопсуздугу үчүн аткарып жаткан ишиңиздерде ийгиликтер коштосун, баарыңыздарга бекем ден соолук каалайм,-деди өздүк курамга кайрылуусунда Октябрь Урмамбетов.
Андан соң, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, саптык даярдыгын көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.12.42 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү

Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга ички иштер органдарынын 10 миңден ашык кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт.
ИИМдин, ОИИББдин, ОИИБнин, шаардык, райондук ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө күчөтүлгөн тергөө-ыкчам топтору түзүлүп, күнү-түнү нөөмөттө болушат.
Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлгөнү жатат.