АКШда студенттердин 20 миң долларга чейинки насыялык карыздары кечилет

Америкада студенттердин 20 миң долларга чейинки насыялык карыздары кечилет. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдирди.

Маалым болгондой АКШда 45 млн киши окуу үчүн алган федералдык насыя боюнча 1,6 трлн долларлык бересеси бар. Алардын ичинен карызга батып, кыйналып турган колледждердин мурдагы студенттеринин 20 миң долларга чейинки карыздары кечилет. Алардын саны жүз миңдеп саналат.

Алсак жылына 125 миң доллардан кем тапкандардын 10 миң, ал эми Пелл (Pell Grant) грантын алган колу жука үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттердин 20 миң долларлык карызы кечилет.

«Бул нерсе алар карыздарынан кутула баштайт дегенди түшүндүрөт. Алар үй алуу, үй-бүлө куруу жана бизнес ачуу тууралуу ойлоно башташат. Андай болгон учурда экономика да жакшырат», — деген ал.