Ысык-Көлдө жоголгон 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылды

Ысык-Көлдө жоголгон 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү 25-августта табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

whatsapp image 2022 08 26 at 16 59 57 Ысык-Көлдө жоголгон 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылды
whatsapp image 2022 08 26 at 16 59 57 1 Ысык-Көлдө жоголгон 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылды

Маалыматка караганда, кытайлык жарандын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылган. Анын сөөгүн тапкан жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар берген.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Каза болгон жарандын аты-жөнү Сай Тун. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон.

Буга чейин кытайлык жаран 1 айдан бери изделип жатканы маалымдалган.