Өлкөдө кийим жана бут кийим өндүрүшүнүн көлөмү 32,9%га өстү

2022-жылдын жети айында текстиль, кийим жана бут кийим өндүрүшүнүн көлөмү 32,9%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет таратты.

screenshot 47 Өлкөдө кийим жана бут кийим өндүрүшүнүн көлөмү 32,9%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында текстиль өндүрүшүнүн көлөмү, ошондой эле кийим-кече, бут кийим, булгаары жана башка буюмдарын өндүрүү 4 миллиард 824,3 миллион сомго бааланган болсо, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде — 3 млрд.  630,3 млн сомго бааланган. Алсак, быйылкы жылы бул товарларды чыгаруу нарк жагынан алганда 1 миллиард 194 миллион сомго көбөйдү.

Анын ичинен текстиль өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу 43,8%, кийим тигүү 34,6% жана бут кийим жана булгаарыдан жасалган буюмдар 12,3%га өскөн.