Үч окуучунун өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат

Жалал-Абадда 15-16 жаштагы үч окуучунун өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 25-августта Кара-Көл шаарында, Ош-Бишкек автожолунда болгон.

16 жаштагы окуучу бала атасынын Subaru Outback машинасын айдап баратып жолдун бурулушунда оодарылып кеткен. Анын жанында дагы беш бала бараткан.

Үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жан берген. Айдоочу жана дагы эки жүргүнчү дарылануусун улантууда, алардын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Kara suu rajon Үч окуучунун өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат