
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында изделип жаткан үч жаш бала табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-августта «102» кызматынан Жаңы-Арык айылынын кичинекей жашоочулары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аларды издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
«Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган», — деп айтылат маалыматта.