Бишкекте дайынсыз жоголгон эркек киши 10 күндөн кийин табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон эркек киши 10 күндөн кийин Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

“Бүгүн саат 11:00дө Ленин райондук милиция кызматкерлери Чүйдүн Сокулук районунун кесиптештери менен бирге дайынсыз жоголгон адамды табышты”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-апрелде милицияга С.М. аттуу аял 1986-жылы туулган С.Б. аттуу баласы жоголгонун билдирип, кайрылган. Анын айтымында, баласы ошол эле күнү Чүй менен Павлов көчөсүнүн кесилишиндеги үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.