Uzbekistan Airways компаниясы Бишкекке кошумча каттамдарды ачат

Uzbekistan Airways компаниясы Кыргызстандын борбор калаасына кошумча каттамдар тууралуу жарыялады.

Маалыматка караганда, Ташкент – Бишкек – Ташкент маршруту боюнча кошумча каттамдар 14, 21 жана 28-сентябрда аткарылат.

Учак Ташкенттен 13:00дө учуп чыгып, Бишкекке 15:10до конот, ал эми Бишкектен учак 16:30да учуп чыгып, Ташкентке 16:50дө конот.

Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруту боюнча каттам жумасына төрт жолу — дүйшөмдү, шаршамби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Буга чейин Өзбекстандан Бишкекке аба каттамы жумасына эки ирет гана аткарылып келген.