Москвада Кыргызстандын эки жараны октон жаракат алып, анын бири каза болгон

Россияда Кыргызстандын эки жараны октон жаракат алып, анын бири окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчилик Москва шаарынын Зеленоград округунда адам өлтүрүү жана эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 26-августуна караган түнү Зеленоград административдик районунда жайгашкан кафелердин биринде эркектер ортосунда жаңжал чыгып, шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан кийин дайынсыз жоголгон. Алынган жаракаттардан улам Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны Х.Х.И. жеринде каза болуп, экинчи К.Р.М. аттуу жаран медициналык мекемеге жаткырылып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Аталган факты боюнча РФнын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкы тергөө башкармалыгынын Зеленоград административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү беренелердин негизинде кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү катары Россиянын 1984-жылы туулган К.П.Л. аттуу жараны кармалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.