Он төрт адамдын өмүрүн алган кырсык: Жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөгү кармап калган

Ульяновск районунда 16 адамдын өмүрүн алган ири кырсыкка себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөгү кармап калган. Мындай алдын ала маалыматтарды облустун губернатору Алексей Русских билдиргенин орусиялык ММКлар жазды.

Маалыматта айтылгандай, айдоочу унаа башкарып бара жаткан учурда жүрөгү кармап каза болгон.

Кырсыктан 16 адам көз жумган. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары, дагы үч жаран оор абалда ооруканада жатат.