Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. «Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу тийиш», — деп белгиледи ал.

6302f604348d1 Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты

Ошондой эле Жапаров мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

6302f602196cf Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана сатууну ооздуктоо чараларына өзгөчө көңүл бурду. «Контрафакт — бул биздин экономиканын рак оорусу», — деп баса белгиледи ал.

6302f602f3c18 Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты
6302f602e613e Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты
6302f601c1d4d Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты
6302f6026c443 Акылбек Жапаров «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты