Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаал боюнча координациялык кеңеши өттү

Ушул жылдын 18-19-август күндөрү өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган делегация Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин XIII жыйынына катышты.

Координациялык кеңештин жыйынына Кыргызстан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Россия Федерациясынын жана ЖККУнун катчылыгынын өзгөчө ведомстволорунун жетекчилиги жана өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин иши жөнүндө маселелер талкууланды жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюудагы ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-чаралардын 2022-2023-жылга карата планын ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле ЖККУнун мүчө мамлекеттеринин өзгөчө агенттиктери тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына жана токой өрттөрүнө каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу документине кол коюлду.

Маалымат катары айта кетсек, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди уюштуруунун көмөкчү органы болуп саналат.