Садыр Жапаров: 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетет

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскертти. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирди.

«Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, «Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң» деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү.

Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. «Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз» дегендер деп билебиз»,-деп жазган Жапаров.