17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар, ал кармалды

17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 1996-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын дагы катыштыгы бар экендиги такталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

7-августта Аламүдүн РИИБине 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын чала тааныш болгон адамдар анын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун жазган.

Көп өтпөй бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу “Алтын казына” тойканасынын кызматкери кармалып, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Эске салсак, бул кабарды 8-августта “Бишкек24” маалымат агенттигине зордукталды делген кыздын жакындары кабарлаган. Анда 7-август күнү Аламүдүн РИИБине “Алтын казына” тойканасынын 2 кызматкери, тагыраагы кылмышка шектүүлөр жеткирилип, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин бошотулганы айтылган. Көп өтпөй облустук милициядан бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

Ал эми аталган тойкананын ээси Махабат Мавлянова билдирүү жасап, шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын билдирген болчу.

17-zhashtagy-kyzdy-zorduktoogo-shektelgen-altyn-kazyna-kafesinin-kyzmatkeri-kamakka-alyndy-