Улан Ниязбеков Ташкенттеги Эгемендүүлүк эстелигине гүл койду

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин делегация башчылары менен биргеликте гүл коюшту.


Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата курулган Эгемендүүлүк эстелиги өзбек элинин тарыхынын 3000 жылдык тарыхын чагылдыруу менен тарыхты, маданиятты жана руханиятты ачып берген хронологиялык иреттелген композиция.
Бул архитектуралык чыгарма Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

WhatsApp Image 2022 08 18 at 13.00.59 1 Улан Ниязбеков Ташкенттеги Эгемендүүлүк эстелигине гүл койду
WhatsApp Image 2022 08 18 at 13.01.00 Улан Ниязбеков Ташкенттеги Эгемендүүлүк эстелигине гүл койду
WhatsApp Image 2022 08 18 at 13.00.59 Улан Ниязбеков Ташкенттеги Эгемендүүлүк эстелигине гүл койду