Сүрөт: «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери борбордук аянттагы жабышкан сагыздарды кол менен тазалап жатышат

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери борбордук аянтты сагыздан тазалоодо. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ишканадан белгилешкендей, аянтты атайын техника менен жуугандан кийин да сагыз кетпегендиктен, ишкананын кызматкерлерине аны кол менен кырып чыгарууга туура келет.

«Тазалык» ишканасы шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого жана сагыздарды туш келди ыргытпоого чакырат.

f57def54 02af 4614 a8a9 553a7964985d Сүрөт: «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери борбордук аянттагы жабышкан сагыздарды кол менен тазалап жатышат