Жалал-Абадда дөңгөлөк сатуучу дүкөндөн өрт чыкты

Жалал-Абадда дөңгөлөк сатуучу дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Такталган маалымат боюнча Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк сатуучу магазин күйүп жатат деген кабар түшкөн. Жерине бир бөлүм 06:14 тартылган.

Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзүүдө.

Өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.