Кафеден сейф уурдоого шектелип 2 жигит кармалды

Бишкек шаарында сейф уурдоого шектелип 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү милицияга С.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндөгү кафеге кирип, ичинде 150 миң сом акча салынган сейфти уурдап кеткенин билдирген. Аны менен бирге шектүүлөр кассадагы 5 миң 460 сом, Xiaomi уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.

Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ы.М. жана 19 жаштагы К.Ж.  аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.