Бакиев менен Атамбаевдин үйлөрү балдар борборлоруна айланат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 200 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, анын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар түзөт.

«Экс-президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрдүн ордуна жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйү күнү-түнү иштеген балдардын реабилитациялык борборуна айланат.

Аталаган реабилитациялык борборлордо бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирет»,-деп айтылат маалыматта.