Мааракелердеги чыгымдарды азайтуу үчүн чектөө киргизүү пландалууда

Бишкекте үйлөнүү той, аш, куран окутуу жана башка мааракелердеги чыгымдарды азайтуу үчүн чектөө киргизүү пландалууда. Тиешелүү жобонун долбоору мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.

Аталган жобо президенттин аш-тойлордогу чыгымдарды азайтуу тууралуу жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Документке ылайык:

— Үйлөнүү үлпөттөрү бир күн ичинде өткөрүлүп, конокко 250дөн ашпаган киши келиши керек. Үйлөнүү тоюндагы кортежде  унаалардын саны төрттөн ашык болбошу керек. Бир бодо мал (жылкы) же 3 майда жандык гана союлушу шарт.

— Үй-бүлөлүк тойлор бир күн ичинде саат 00:00гө чейин өткөрүлүп, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.

— Мааракелик тойлор бир күн ичинде саат 00:00гө чейин өткөрүлүп, келген меймандардын саны 250дөн ашык болбошу кажет.

— Тажыяны өткөрүү 3 күндөн ашпашы керек, бирок келген адамдардын саны чектелбейт. Бодо мал же жылкы союуга тыюу салынат. Ашыкча чыгымдардан алыс болуу сунушталат – кешик салып берүү, тасмал жаюу, дасторкон көтөрүп келүү жана кийит (же башкаларын) алып келүү сунушталбайт.

— Куран окутуу, аштарга 300дөн ашпаган кишини чакырууга болот. Бир бодо мал (жылкы) же 3 баш майда жандык союуга уруксат берилет.

— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге маараке-тойлорду, аштарды ашыкча чыгымсыз, той-салтанаттарды жакын туугандардын арасында өткөрүү сунуш кылынат. Аталган кызматкерлер моралдык-этикалык нормаларды сактоодо башка жарандарга үлгү болуш керек.