Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат

16-17-августта борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы өз ишин улантууда.

Мындан улам төмөнкү даректерде 2022-жылдын 16-августунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү токтотулат:

Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүлөт.

8 -кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4;
Токомбаев көчөсү, №45/2. турак жайларда суу өчүрүлөт.

Ал эми 17-августта саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кумарык көчөсүндө жаңы суу линиясынын тартылышына байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга суу берүү токтотулат.

Дэн Сяопин проспектиси — Трудовая көчөсү — Пишпек көчөсү — Кеңсуу көчөсү чектешкен аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкка жана мекемелерге ичүүчү сууну камдап алууну сунуштайт.