Жалал-Абадда нотариус 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган: Ал пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында,  У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка караганда, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.