Президент Садыр Жапаров күзүндө Сауд Арабиясына жана Бахрейнге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, учурда расмий сапарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Расмий сапардын жыйынтыгы менен бир топ келишимдерге кол коюлат», — деди ал.
Аны менен бирге Марипов быйыл 23-ноябрда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөрүн билдирди. Анда соода-экономикалык, билим берүү, айыл чарба тармактарында кызматташуу маселелери каралат.