Ош облусунда жердин асты аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды


Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында болжол менен 34-36 жаштагы “Ф” аттуу атуул, адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз миграция уюштуруп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.


Аталган факт боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-бер. 1-бөл. менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Төбө-Коргон айылынын тургуну, 36 жаштагы Р.Ф. кармалган. Ал тергөөдө өздүгү аныктала элек Өзбекстан Республикасынын “М” аттуу жараны менен алдын ала мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп, тергөөдө өздүгү аныктала элек “А” аттуу Өзбекстан Республикасынын жаранын, 2022-жылдын 21-январь күнү Ош областынын Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Уйгур-Абад участкасында орун алган суу агуучу бийиктиги 0,90 см., туурасы 1,0 метр болгон, узундугу болжол менен 150 м, 4-5 метр тереңдикте жер астына көмүлүп, бир жагы Кыргыз Республикасынын аймагында, экинчи жагы Өзбекстан Республикасынын аймагында орун алган темир түтүк (труба) аркылуу, чек ара аймагы катары кайтаруудагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы аныкталган.


2022-жылдын 23-январь күнү Кара-Суу районунун тургуну, 1986-жылы туулган Д.А. тергөөдө өздүгү аныктала элек “А” аттуу Өзбекстан Республикасынын жаранын жогоруда көрсөтүлгөн түтүк аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүүсүн уюштургандыгы аныкталып, Р.Ф. аттуу жаранга карата Ош шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алынган.

WhatsApp Image 2022 08 04 at 09.14.00 2 1 Ош облусунда жердин асты аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды
WhatsApp Image 2022 08 04 at 09.14.00 Ош облусунда жердин асты аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды


Ал эми, Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өткөн, каракчылыык фактысы боюнча издөөдө жүрүп кармалган Д. аттуу жаранга, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-бер. 1-бөлүмү менен каралган кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Ош шаардык сотунун 2022-жылдын 27-июлундагы токтомунун негизинде, Д. аттуу жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары 2022-жылдын 26-сентябрына чейин камакка алуу түрү тандалган. Ал эми өздүгү тактала элек Өзбекстандын эки жаранын аныктоо максатында кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүдү.

WhatsApp Image 2022 08 04 at 09.14.00 2 Ош облусунда жердин асты аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды
WhatsApp Image 2022 08 04 at 09.13.59 Ош облусунда жердин асты аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды


Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы