Чыңгыз Жумагуловго 60тан ашуун бычак сайылган

Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнү баштаган.

Кримтөбөлдүн киши колдуу болушу боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган. Тергөө иштери башталган.

Аны менен бирге кримтөбөл өлтүрүлгөн №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата материалдар каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бул окуяга юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, 30-июлда кылмыш дүйнөсүндө Чыңгыз Дөө каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны камералашы өлтүргөнүн билдирген.

8-июлда бир катар басылмаларда УКМКнын кызматкерлери Жумагуловду кармоого аракет кылганы, ок атышуу болгону, бирок ал качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөгөн.

Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалып, андан кийин соттун чечими менен 7-сентябрга чейин камакка алынган.

Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү өзүнүн туулган айылы Ичке-Сууда (Чүй облусу) жерге берил